Ссылки доступа

Дарига Назарбаева Сенаттын төрайымы болуп кайра шайланды


Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева өлкө парламентинин жогорку палатасы — Сенаттын төрайымы болуп кайра шайланды.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, президент Касым-Жомарт Токаев тарабынан сунушталган Назарбаеванын талапкерлигин депутаттардын көпчүлүгү колдоду.

Дарига Назарбаева спикер болуп 2016-жылы, атасы президент болуп турганда шайланган. Касым-Жомарт Токаев 12-августта Назарбаеваны Сенаттын депутаты кылып дайындаган. Ошондон улам анын депутаттык мөөнөтү жаңырып, жаңы мөөнөттөн башталды.

Өлкөнүн Конституциясына ылайык, Сенат депутаттарынын кызматтык мөөнөтү алты жылды түзөт. Ага ылайык Назарбаеванын кызматтык мөөнөтү эми үч жылдан кийин эмес, алты жылдан кийин аяктайт.

56 жаштагы Дарига Назарбаева буга чейин Мажилистин төрагасынын орун басары жана вице-премьер болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG