Тажик жараны катуу сабалып жаткандыгы тартылган видео Интернетке 30-августта жарыяланган. Күн мурун Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода орусиялык кесиптешине телеграмма жөнөтүп, мигрантка кол салгандарды таап, жоопкерчиликке тартууну өтүнгөн.
Ирина Волктун айтымында, учурда полиция кызматкерлери видеонун аныктыгын текшерип жатышат. «Учурда ал видеодогу адамдарды издеп, анын качан жана кайсыл жерде тартылганын аныктоо иштери жүрүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыктары Тажикстандын укук коргоо органдарына жөнөтүлөт», — деди Волк.
Буга чейин Тажикстандын Ички иштер министрлиги мигрантка кол салууну «ырайымсыздык» деп атап, кылмышты «орусиялык скинхеддер жасаганын» билдирген.