Ссылки доступа

Нур-Султанда шайлоо учурунда кармалган активисттердин иши кайра каралат


2-сентябрда Нур-Султандагы район аралык административдик сот “президенттик шайлоо учурунда бийликке каршы нааразылык митингине катышты” деп айыппулга жыгылган үч активисттин арызын кайра карап, мурдагы токтомун жокко чыгарды.

Алия Избасарова, Айгерим Мухамеджанова жана Жанбота Алжанова 9-июнда кармалган. Алар “тынч митингдерди өткөрүү эрежесин бузууга” айыпталып, 50 500 теңге (130 доллардын тегереги) айыппулга жыгылган. Активисттер уруксат берилбеген митингдерге катышпаганын айтып, соттун токтому негизсиз экенин билдиришкен. Бирок апелляциялык инстанция алардын доо арызын канааттандырган эмес. Судья Асет Райымбаев “жаңы ачылган жагдайларга” байланыштуу биринчи инстанциядагы сотко кайрылуу кеңешин берген.

Сот мурдагы токтомду жокко чыгарган, документ 7-сентябрдан тарта күчүнө кирет. Ошондон кийин жаңы жагдайларга байланыштуу сот жараяны кайра башталат.

Үч активист 9-июнда уруксат берилбеген митингдерге катышуу айыбы менен кармалган жарандарга тамак жеткирүү үчүн полиция бөлүмүнө келген учурда кармалышкан.

Расмий маалыматтар боюнча 9-12-июнь аралыгында Алматы жана Нур-Султан шаарларында төрт миңдей киши кармалган, жүздөгөн жаран 15 суткага чейин камалган. Алар мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо жана анын жыйынтыктарына нааразы болуп, митингдерге чыгышкан.

XS
SM
MD
LG