Ссылки доступа

Сенаторлор Трампты тез арада Украинага каржылык жардам берүүгө чакырышты


Украин аскерлери америкалык Javelin ракетасын колдонуу менен машыгуу өткөрүүдө
Украин аскерлери америкалык Javelin ракетасын колдонуу менен машыгуу өткөрүүдө

АКШда республикачылар менен демократтардан турган сенаторлор тобу президент Дональд Трампка кат жолдоп, аны тез арада каржылык жардам катары Украинага 250 миллион доллар бөлүп берүүгө чакырышты.

Буга чейин Конгресс «Украинадагы коопсуздукка көмөктөшүү демилгеси» деп аталган каржылык пакетти жактырганы менен Трамптын администрациясы Киевге акча бере элек. Айрым ЖМКлардын маалыматына караганда, Ак үй алгач бөлүнө турган акча АКШнын кызыкчылыктарына ылайык жумшаларына ынангысы келип жатат.

Сенаторлор өз катында президенттик администрацияны Украинанын куралдуу күчтөрү үчүн «өтө маанилүү» болгон каржы жардамын тезирээк бөлүп берүүгө чакырышкан. Алар 2014-жылы Крым жарым аралы аннексиялангандан кийин Вашингтондун Киевге берген жардамы украин аскерлеринин Орусия агрессиясынан коргонуудагы жөндөмдөрүн арттырууга мүмкүндүк бергенин белгилешти.

Айрым америкалык мыйзам чыгаруучулар Конгрессти украин-орус тирешинде Украинанын кызыкчылыктарын туруктуу коргоо боюнча жоопкерчилик алууга чакырышууда.

Буга чейин Politico басылмасы Украинага акчалай жардам берүү президент Трамптын демилгеси менен токтоп турганын билдирген. Анда Трамп өз командасына бул тармакта Украинага көмөктөшүү программасын кайрадан карап чыгуу тапшырмасын бергени кабарланган.

250 миллион доллар Украинанын коопсуздугун коргоого багытталган. Конгресс бул каражаттын 50 миллионун курал-жарак сатып алууга берген. Былтыр АКШ Украинага жардам катары танкага каршы Javelin ракеталарын жеткирген.

1-сентябрда Варшавада Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолуккан АКШнын вице-президенти Майк Пенс Вашингтон орус-украин чатагында Киевди колдоосун улантарын жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн сактоо боюнча аракеттерине көмөктөшө турганын айткан.

XS
SM
MD
LG