«А-92 жана А-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май таптакыр жок. Кээ бир май куюу жайларынан гана А-80 бензинин табууга болот. Дизель майы дагы жок болууда. Мындан улам жолдордо автоунаалар кыйла азайып калды», — деп билдирди басылманын Мары облусундагы кабарчысы.
Энергоресурстарга бай бул өлкөдө күйүүчү май тартыштыгы 2018-жылы февралда башталган. Анда бензин кымбаттап, май куюу жайларында кезек күткөндөрдүн саны кескин көбөйгөн.
Өткөн айда швейцариялык жана ооганстандык ишкерлер Түркмөнстанда өндүрүлгөн бензинди сатып алып жатканы кабарланган.
Быйыл 20-августта түркмөн басылмалары өлкөдө суткасына 500 автоунааны тейлөөгө кудуреттүү эки заманбап май куюу жайынын курулушу башталганын жазышкан.
Түркмөнстанда мамлекет тарабынан белгиленген А-95 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин расмий баасы 1,5 манатты, А-80дики 1,2 манат жана дизель майынын баасы 1,4 манатты түзөт. Өлкөнүн Борбордук банкынын расмий курсуна ылайык, 1 АКШ доллары 3,5 манатка барабар.