Ссылки доступа

Азия өлкөлөрүнүн жазуучулар форумуна Казакстандын бюджетинен 281 миллион теңге бөлүндү


Нур-Султан шаарында өтүп жаткан алгачкы Азия өлкөлөрүнүн жазуучулар форумуна Казакстандын бюджетинен 281 миллион теңге (722 миң доллар) бөлүндү. Мындай маалымат өлкөнүн мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Казакстандын жазуучулар бирикмесинин маалыматына караганда, үч күнгө созула турган бул иш-чарага 30дан ашык өлкөдөн келген 80ге жакын жазуучу катышууда. Алардын арасында Букер жана ASEAN сыйлыктарынын лауреаттары жана Нобель сыйлыгынын номинанттары дагы бар.

Форумдун ачылышында сүйлөгөн казак президенти Касым-Жомарт Токаев «Чоң Азия» деп аталган Эл аралык адабий сыйлыкты негиздөөнү жана бул форумду аймактагы ар башка өлкөдө туруктуу негизде өткөрүп турууну сунуштады.

Казакстанда түрдүү эл аралык иш-чаралар менен форумдарга кеткен чыгымдар үчүн бийликтин дарегине байма-бай сындар айтылып келет. Эксперттердин пикиринде, бийлик эл аралык иш-чараларды уюштуруу аркылуу өлкө имиджин жакшыртууну көздөп жатканы менен, мындай аракеттердин натыйжалуулугу суроолорду жаратууда.

XS
SM
MD
LG