Ссылки доступа

Мирзиёев 2020-жылы өтө турган Олимпиадага даярдыкты сындады


Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев дене тарбия жана спортту өнүктүрүү маселелерине арналган жыйында 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына көрүлүп жаткан даярдыкты сынга алды.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Улуттук Олимпиада комитети менен Дене тарбия жана спорт министрлигине алдыңкы орундарга талапкер спортчулар үчүн шарт түзүүгө тапшырма берилди.

Жыйында мелдештерден кийин тез калыбына келүү үчүн спортчуларга фармакологиялык жардам зарыл экени айтылды. Бирок Өзбекстанда спорттук фармакология тармагында иш жүрбөйт, жаңы дарыларды чыгаруу боюнча илимий база жана адистер жок.

Мирзиёев көптөгөн спортчулар кайсы заттарды колдонууга болорун, ал эми кайсы заттар допинг катары эсептелерин билбей турганын белгилеген. Өзбек лидери спорттук фармакологияны өнүктүрүү боюнча токтом долбоорун даярдоону жана спорттук федерацияларда комплекстүү лабораторияларды уюштурууну тапшырды.

XS
SM
MD
LG