Ссылки доступа

Путин Украина менен туткундарды алмашуу боюнча комментарий берди


Орусиянын президенти Владимир Путин Владивостокто Чыгыш экономикалык форумунда Москва менен Киевдин туткундарды алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу комментарий берди.

Анда ал тараптар дээрлик макулдашып, алмашуу жараяны башталганы калганын айтты. Путин туткундарды алмашуу «көлөмдүү жараян» экенин белгилеп, эки өлкөнүн алака-катышын калыбына келтирүүдө ал «жакшы кадам» болорун айтты.

Путин туткундар алмаша турган күндүн датасын тактаган жок. «Интерфакс» маалымат агенттиги ишенимдүү булактарына таянып, алмашуу жараяны 7-сентябда ишке ашырылганы жатканын жазган.

Украина президенти Владимир Зеленский жакын арада сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыгы чыгарынан үмүт артты.

30-августта Орусия менен Украина туткундарды алмаштыра баштагыны жөнүндө бири-бирине карама-каршы кабарлар тараган. Кийинчерээк бул маалыматтар четке кагылган.

Өткөн айдан тартып эки өлкө бири-бири менен туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жигердүү жүргүзө баштаган.

XS
SM
MD
LG