Ссылки доступа

АКШ конгрессмендери Москвадагы куугунтуктоолор үчүн санкция киргизүүгө чакырышты


АКШнын Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер комитетинин төрагасы Элиот Энгел жана Конгресстин Техас штаты боюнча өкүлү Майкл Маккол өлкө президенти Дональд Трампты Москвадагы митингдерде адам укуктарын бузууга жооптуу кишилерге санкция салууга чакырды.

Трамптын атына жолдонгон биргелешкен билдирүүдө саясатчылар Орусия борборунда өткөн каршылык акциялары учурунда көптөгөн демонстранттар сабалганын, кармалганын жана камалганын белгилешкен. Алар орус бийлигинин бул аракетин «агрессия» жана эл аралык милдеттенмелерин одоно бузуу деп аташты.

Энгел жана Макколдун пикиринде, Орусия президенти Владимир Путин «саясий жактан башкача ой жүгүртүүнү басуу үчүн чечкиндүү чараларды көрдү».

Орусия борборунда 14-июлдан бери Москва шаардык думасына оппозициячыл талапкерлерди катыштыруу талабы менен жапырт нааразылык акциялар өтүүдө. Жалпысынан үч миңдей киши кармалып, ондогон көз карандысыз талапкер митинг жөнүндө мыйзамды бузуу айыбы менен камалган.

27-июлда өткөн акциянын жыйынтыгында Орусиянын Тергөө комитети жапырт башаламандык жана полиция кызматкерлерине каршы күч колдонуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иштин негизинде 16 киши камалып, бешөөсү ар кыл мөөнөткө соттолгон.

XS
SM
MD
LG