Ссылки доступа

Түркмөнстанда пенсионерлер алдын ала банкоматтарга кезекке туруп жатышат


Банкоматтын алдында кезек күткөндөр
Банкоматтын алдында кезек күткөндөр

Түркмөнстандын Лебап облусунун Түркмөнабад шаарында пенсия банк караталарга которула электигине карабастан, жарандар алдын ала банкоматтарга кезекке туруп жатышат.

«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын маалыматына караганда, адатта өлкөдө пенсия банк карталарына ар айдын бешине чейин которулат.

«Бүгүн «Түркмөнбашы» мамлекеттик банкында алдын ала кезекке тургандардын саны эки миңден ашты. Эки айдан бери банкоматтарда акча тартыш болуп, жарандар айлыгын же пенсиясын алуу үчүн бир нече күн, айрым учурларда жумалап кезекте туруп калып жатышкан. Ошондуктан бул айда алар банкоматтарга алдын ала кезекке турушууда», — деп билдирди басылманын аймактык кабарчысы.

Айрым банк кызматкерлери бул абалдан пайдаланып, жарандарга картадагы каражаттарын накталай берүүнү сунуштап, бул үчүн алардан акча алып жатышат.

Түркмөнстандын Борбордук банкынын маалыматына караганда, 2019-жылдын 1-январына карата банктар жарандарга 3 миллиондон ашык пластик карталарын беришкен. Учурда өлкө боюнча жалпы 2 200 банкомат бар болсо, алардын көбүндө акча жок.

XS
SM
MD
LG