Ссылки доступа

Тажикстан менен Өзбекстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт


Тажикстан менен Өзбекстандын куралдуу күчтөрү терроризмге каршы биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүшөт.

Өзбекстандын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, биргелешкен машыгуу 16-сентябрдан 21-сентябрга чейин Наманган облусундагы «Гурумсарой» аскердик полигонунда өтөт. Ага эки өлкөнүн 200гө жакын жоокери катышат.

Мекемеден билдиришкендей, эки өлкөнүн аскердик машыгуусу «Борбор-2019» деп аталган кеңири масштабдагы командалык машыгуулардын алкагында өтөт. Жалпысынан бул машыгууларга Орусия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн катышуусу каралган. Наманган облусундагы машыгуу «Борбор-2019дун» биринчи этабы, экинчи этабы Орусиянын Оренбург облусундагы «Донгуз» полигонунда өтөт.

Тажикстандын коргонуу мекемесинен аталган машыгууга катышуу үчүн коңшу өлкөгө ыкчам топтун өкүлдөрү, десанттар, авиация жана жөө аскерлер жөнөтүлө турганын билдиришти.

Бул Тажикстан менен Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн биринчи аскердик машыгуусу эмес. Өткөн жылы өлкөлөр Тажикстандагы «Чоррухдарон» полигонунда жана «Нурафшон» окуу борборунда биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG