Ссылки доступа

Москва шаардык думасын шайлоодо оппозиция орундардын дээрлик жарымына ээ болду


Жекшембиде өткөн шайлоонун жыйынтыгында Москва шаардык думасындагы 45 орундун 20сын оппозициялык талапкерлер алышты. Бюллетендердин 99 пайызы саналгандан кийинки жыйынтык шаардык шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, Москва шаардык думасына Коммунисттер партиясынан 13 талапкер өттү. 2005-жылдан бери алгачкы жолу «Яблоко» партиясынын өкүлдөрү дагы (үч талапкери жана партия колдогон бир өз алдынча талапкер) шаардык кеңеште болот. Ошондой эле «Адилеттүү Орусия» партиясынын үч талапкери өз округдарында жеңишке жетишти.

Мындан тышкары өз алдынча талапкер катары катышкан 25 адам шаардык думага өттү. Бул жолку шайлоого «Бирдиктүү Орусия» партиясы талапкерлерин көрсөткөн жок — анын мүчөлөрү партиянын популярдуулугу түшүп кеткендиктен өз алдынча талапкер катары катышкан.

Саясатчы Алексей Навальный шаардык думадагы «Бирдиктүү Орусиянын» монополиясын жоюу үчүн оппозициянын талапкерлерине добуш берүүгө чакырган «Акылдуу добуш берүү» стратегиясы ийгиликке жеткенин билдирип, «Твиттер» аркылуу тарапташтарына ыраазычылык билдирди.

«Бирдиктүү Орусиянын» Москвадагы бөлүмүнүн лидери Андрей Метельский шаардык думага шайлоодо Коммунисттер партиясынын талапкери Сергей Севостьяновго утулуп калды.

45чи округдагы шайлоодо Жогорку экономика мектебинин проректору Валерия Касамара Навальныйдын «Акылдуу долбуш берүү» тизмесиндеги талапкер Магомет Яндиевге жеңилди.

Москва шаардык шайлоо комиссиясы жергиликтүү думага бир нече көз карандысыз талапкерди каттоодон баш тарткан. Буга байланыштуу июль жана август айларында Москвада жапырт нааразылык акциялар өткөн.

XS
SM
MD
LG