Ссылки доступа

Тажикстанда 4 миллион долларга “Париж бурчу” ачылды


Париж бурчу, Куляб, Тажикстан
Париж бурчу, Куляб, Тажикстан

Тажикстандын Куляб шаарында 5 гектар аянтты ээлеген парк капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Анын бир бурчу Парижди элестетет. Паркка Эйфель мунарасынын 30 метрлик көчүрмөсү орнотулган, Лувр пирамидасы да бар. Алардын айланасында француз стилиндеги кафе жана дүкөндөр жайгашкан.

Паркты жаңылоого 4 миллион доллар жумшалган. “Париж бурчу” мамлекеттик ТАЛКО алюминий компаниясынын каражатына салынды. Ал расмий түрдө кийинки жумада өлкө президенти Эмомали Рахмондун катышуусунда ачылат.

Айрым жергиликтүү жашоочулар парк үчүн ири өлчөмдө акча коротууга негиз жок болчу деп эсептешет. “Мен шаарды жакшыртууга каршы эмесмин, бирок бул каражат ишканаларды курууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө керектелсе, жакшы болмок”, – деди Куляб шаарынын тургуну Худойдоди Ислом.

Бирок башка бир жашоочу Мижгона Расулзода парктын курулушуна ыраазы:

– Балким, мен эч качан Парижге барбайм. Ошондуктан туулуп-өскөн жеримде бул кооз шаардын көчүрмөсүн көргөнүмө өтө бактылуумун. Бул менин кыялым эле.

Куляб – Тажикстандагы чоңдугу боюнча үчүнчү шаар, 200 миңден ашуун киши жашайт.

XS
SM
MD
LG