Ссылки доступа

Өкмөт: Кеңештеги окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөт


Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектепте окуп жаткан окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, окуусун ошол жактан улантат. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, учурда алар көчүрүлө турган имаратты билим берүү багытына өзгөртүү үчүн акча каралды.

Азыр ал жерде оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле жакынкы арада Кеңеш айылына жаңы мектепти куруу иштери башталат, анын долбоордук-сметалык документациясы даяр турат. Өкмөттүн маалыматына караганда, Кеңеш айылындагы мектептин эки окуу корпусу бар, анын бирөө авариялык абалда, ал эми экинчисинде балдар окуп жатат.

Азыркы тапта Нарын облусу боюнча жалпы 18 объектинин курулуш иши жүрүүдө. Анын ичинде Ат-Башы районунда эки бала бакча, Ак-Талаа районунда – эки мектеп жана бир кошумча курулуш, Жумгал районунда үч мектеп жана бир кошумча курулуш, Кочкор районунда – төрт мектеп, эки кошумча корпус, эки спорт зал, Нарын районунда спорт залдын курулушу жүрүүдө.

Кеңеш айылында окуучулардын бир бөлүгү салмагы 20 тонналык беш контейнерде билим алып жатышат. «Мобилдүү мектептерде» окуу ыңгайсыз болуп жатканы айтылып, бул коомчулуктун катуу сынына кабылган. Ушул окуядан кийин билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү берген арызына ылайык кызматынан бошотулган.

XS
SM
MD
LG