Ссылки доступа

БУУ казак бийлигин саясий куугунтукту токтотууга чакырды


БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет Адам укуктары боюнча кеңештин 42-сессиясынын ачылышында баяндама жасап, Казакстанды тынч жыйындарды өткөрүүгө уруксат берүүгө, бейөкмөт уюмдардын, кесиптик кошуундардын жана диний бирикмелердин ишмердүүлүгүнө тоскоол болбоого чакырды.

Бачелет Казакстанды «бийликке каршы чыккандарды басуу үчүн колдонулуп жаткан жалаа жабуу жана кастыкты козутуу жөнүндөгү» мыйзамды кайра карап чыгууга үндөдү.

Ал Казакстанда быйыл март айынан бери өтүп жаткан нааразылык акциялары учурунда төрт миңден ашык адам кармалганын белгиледи. Жогорку комиссардын айтымында, саясий туткун катары эсептелген жарандарды камоо, оппозициянын тынч жыйындарын чектөө чыныгы жана ачык диалогго кедергисин тийгизет.

Бул арада Бачелет Улуттук коомдук ишеним кеңешинин түзүлгөнүн жана ага жарандык коомчулуктун өкүлдөрү да киргенин кубаттады.

Коомдук ишеним кеңешинин жыйынында активисттер Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, Кылмыш кодексинин «Социалдык, улуттук, расалык жана диний кастыкты козутуу жөнүндөгү» 174-беренесине көңүл бурууга чакырышкан. Эл аралык уюмдар бул берененин шылтоосу менен акыркы жылдары ондогон жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер жана ар кыл диний уюмдардын өкүлдөрү соттолгонун сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG