Ссылки доступа

CPJ: Түркмөнстан сөз эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн сап башында


Эритерия, Түндүк Корея жана Түркмөнстан сөз эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн тизмесинин алдыңкы үч сабына жазылды. Бул тууралуу 10-сентябрда эл аралык «Журналисттерди коргоо комитети» (CPJ- Committee to Protect Journalists) жарыялаган баяндамада айтылат.

«Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөдөгү дээрлик бардык нерсени, анын ичинде маалымат каражаттарын көзөмөлдөп, аларды өзүн мактатуу үчүн колдонот. Анын режими көз карандысыз маалымат булактарынын оозун жаап, журналисттерди түрмөгө камап, айрымдарын өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылат. Өкмөткө караштуу ЖМКлардын бардыгы тең катуу көзөмөлдө...», – деп жазылган баяндамада.

Анда белгиленгендей, тизмеге маалымат каражаттары бийлик тарабынан катуу көзөмөлдөнгөн гана өлкөлөр кирген. «Тизмедеги өлкөлөрдө эл аралык стандарттар тебеленип, көз карандысыз ЖМКлар чектөөгө алынып, журналисттер коркутуп-үркүтүүлөргө туш болушат», – деп жазылган маалыматта.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун быйыл апрелде жарыяланган сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Түркмөнстан 180 өлкөнүн ичинен эң акыркы орунга жайгашкан.

XS
SM
MD
LG