Ссылки доступа

Тажикстанда «Иегово күбөлөрүнүн» мүчөсү жети жарым жылга соттолду


Тажикстанда тыюу салынган «Иегово күбөлөрү» диний уюмунун мүчөсү Шамил Хакимов улут жана дин аралык кастыкты козутуу айыбы менен жети жарым жылга эркинен ажыратылды.

Соттун материалдарына ылайык, буга чейин аталган диний уюмдун китеби чыгып, анда Хакимовдун Нооруз майрамы тууралуу пикири жазылган. Быйыл 29-августта экспертизалык комиссиянын мүчөлөрү Хакимов китепте «Ноорузду отко сыйынгандардан калган мурас» деп атап, улут аралык жана диний кастыкты козутканын билдиришкен.

Өз кезегинде адвокат китепте Нооруз майрамын жоюп салуу тууралуу эч нерсе жазылбаганын айтып, Хакимовдун күнөөсү жок экенин белгилөөдө.

Бийлик Шамил Хакимовду «Иегово күбөлөрүнүн» Тажикстандагы лидерлеринин бири деп эсептеп, уюмга 90-жылдардын ортосунда эле киргенин билдирип келет.

Тажикстанда «Иегово күбөлөрүнүн» ишмердүүлүгүнө 12 жыл мурда, уюмдун мүчөлөрү армияда кызмат өтөөгө каршы чыккандан кийин тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG