Ссылки доступа

Жогорку сот Трамптын башпаанек алууну чектеген жарлыгын күчүндө калтырды


Шаршембиде АКШнын Жогорку соту мигранттардын башпаанек алуу укугун кескин түрдө чектеген Трамптын администрациясынын жарлыгын күчүндө калтырды.

Доналд Трамп Твиттерге: «Биз ири жеңишке жетиштик», - деп жазды.

АКШ президентинин жарлыгына ылайык, Борбордук Америка өлкөлөрүнөн Мексика аркылуу АКШны көздөй жол алган мигранттар алгач Мехикодон башпаанек суроого тийиш. Мындай аракет болбосо, АКШ мигранттардын башкалка суроо боюнча арызын карабайт.

Жогорку соттун коллегиясынын тогуз мүчөсүнүн ичинен экөө гана Трамптын буйругуна ачык түрдө каршы чыкты, калгандары өз көз караштарын билдиришкен жок.

Буга чейин Калифорниянын аймактык судьясы жарлык Конституцияга туура келбейт деген токтом чыгарып, анын жалпы улуттук масштабда аткарылышын убактылуу токтоткон. Буга байланыштуу Башкы прокуратура Жогорку сотко кайрылып, маселеге кийлигишүүгө чакырган.

Буга чейин Вашингтондо АКШ менен Мексика миграциялык келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард мамлекет «коопсуз үчүнчү өлкө» болуудан баш тартарын айткан. Бул АКШга кирүү үчүн Мексика чек арасынан өткөн мигранттар алгач Мехикодон башпаанек алышы керек дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG