Ссылки доступа

Токаев юандын дүйнөдөгү ордун арттырууну сунуштады


Кытайда мамлекеттик сапар менен жүргөн Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев ишкер чөйрө өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Эл аралык «Астана» каржы борборунун базасында Кытай валютасындагы инвестиция үчүн «механизм» иштеп чыгуу планы тууралуу айтты.

«RMB Connect долбоору инвестицияны юань түрүндө тартууга жол ачат. Жаңы экосистема Кытай валютасынын дүйнөгө таралашына салым кошуп, Казакстан менен аймактагы өлкөлөрдүн ишканалары үчүн юань операциялары боюнча жаңы клиринг борборго айланат деп ишенем», — деди Токаев.

Казакстан президентинин администрациясы 11-сентябрдагы Токаев менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунун жыйынтыгында 10 документке кол коюлганын билдирди. Алардын арасында Казакстандан Кытайга экспорттоло турган жүн, зыгыр жана сүт азыктарына коюлган инспекциялык, карантиндик жана ветеринардык-санитардык талаптар жөнүндө протокол бар.

Мындан тышкары Казакстанга суперкомпьютер берүү жөнүндө келишимге да кол коюлду.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-сентябрда казак-кытай ишкер кеңешинин 6-жыйынына катышып, Кытайды тышкы соода жана экономикада Казакстандын эң ири өнөктөштөрүнүн бири катары сыпаттаган. Ал бул өлкөгө азык-түлүк эспорттоону көбөйтүү керектигин айткан.

Токаевдин президенттик кызматка киришкенден кийинки Пекинге жасаган алгачкы мамлекеттик сапары «Кытай экспансиясына» каршы нааразылык акциялары өтүп жаткан маалга туш келди. Демонстранттар казак бийлигинен 55 ишкана куруу боюнча Кытай менен түзүлгөн келишимден баш тартууну талап кылышууда.

Расмий маалыматтар боюнча эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2018-жылы 12 миллиард долларды түзгөн. Кытай Казакстандан буудай, мунай, газ жана металддын түрлөрүн алат.

XS
SM
MD
LG