Ссылки доступа

Сириядагы качкындар лагеринде 575 тажик жараны бар


Сириядагы «Аль-Хол» качкындар лагери
Сириядагы «Аль-Хол» качкындар лагери

Учурда Сириядагы качкындар лагерлеринде аялдар жана балдардан турган кеминде 575 тажик жараны бар. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун тажик кызматы өкмөттөгү өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, тажик жарандарынын көбү Хасакия провинциясындагы «Аль-Хол» лагеринде жашап жатышат.

«Болжол менен алардын 90нун аялдар, 200дөн ашыгын кыздар жана калганын балдар түзөт. Балдардын көбү томолой жетим. Бул акыркы маалымат эмес, андагы Тажикстан жарандарынын саны мындан да көп болушу мүмкүн», — деди булак.

Анын айтымында, лагерге тажик жарандары башка «ИМ» жоочуларынын үй-бүлө мүчөлөрү менен чогу быйыл Багус аймагы террорчулардан бошотулгандан кийин жеткирилген. Жалпысынан «Аль-Хол» лагеринде 70 миң адам кармалып турса, алардын 10 миңге жакыны чет өлкөлүк жарандар.

Өткөн айда аталган лагерде кармалып турган тажикстандык аял «Азаттыктын» тажик кызматына кайрылып, андагы шарттар өтө начар экенин айтып берген. Ал эки баласы ооруп жатканын, бирок эч кандай жардам болбогонун билдирген. Бул сөздөрдү айткандан кийин аны менен байланыш үзүлүп, кайра телефон чалуу аракеттеринен майнап чыккан эмес.

Буга чейин тажик бийлиги Сириядагы жарандарын алып келүү иштери жүрүп жатканын билдирген. Бирок азырынча бул боюнча расмий Дамаск менен тиешелүү документтерге кол коюла элек.

Быйыл жазында Тажикстан Ирактагы согуш талааларында курман болгон жарандарынын 84 баласын мекенине алып келген.

XS
SM
MD
LG