Ссылки доступа

Самарканд бийлиги Регистан тарыхый комплексинде уюштурулган банкет боюнча маалымат берди (видео)


Самарканд шаардык акимчилиги Регистан тарыхый комплексинин ички короосунда уюштурулган банкет тууралуу маалымат таратты. Күн мурун банкетте тартылган видео социалдык түйүндөргө жарыяланып, колдонуучулардын талкуусун жараткан.

Мекеменин басма сөз кызматы 8-сентябрда Регистан комплексинин аймагында АКШ жана Өзбекстан ишкерлеринин кызматташуусуна арналган бизнес-форумдун меймандары үчүн салтанаттуу иш-чара өткөрүлгөнүн билдирди. Мындан тышкары анда АКШ менен Канадада жашаган бухаралык жөөттөрдүн конгрессинин президенти Борис Кандов баштаган 80 адамдан турган делегация үчүн дагы иш-чара уюштурулган. Шаар бийлигинин маалыматына караганда, чет өлкөлүк меймандар Өзбекстанга атайын туристтик зыярат программасы менен келишкен.

«Мындай иш-чаралар расмий делегациялар үчүн атайын белгиленген программанын негизинде Улугбек медресесинин (Регистан аянты) аянтында өткөрүлөт. Ал жерде 8-сентябрда өткөн банкет Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басарынын өтүнүчү боюнча уюштурулган», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Регистандын ички короосунда музыканын коштоосунда өткөн банкет социалдык түйүн колдонуучулары тарабынан кескин сынга алынган. Алар бул көрүнүштү тарыхый эстеликти сыйлабастык катары баалап, мындай иш-чаралар байыркы архитектуралык объектилерге зыян келтире турганын билдиришкен.

Быйыл июлда Хорезм облусунун бийлиги Хива хандарынын сарайында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын делегациясы үчүн банкет уюштурганы кабарланган.

Видео

XS
SM
MD
LG