Ссылки доступа

Орусия: 1-октябрдан тарта балкондо тамеки чегүүгө тыюу салынат


1-октябрдан тарта Орусияда балкондордо тамеки чегүүгө тыюу салынат. Тиешелүү өзгөртүүлөр өлкөдөгү өрттүн алдын алуу эрежелерине киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигининен билдиришкендей, мындан тышкары балкондордо шишкебек бышырууга жана шамдарды жагууга дагы тыюу салынат.

Бул эрежени бузган жеке адамдарга карата үч миң рубль өлчөмүндө айып пул каралган. Эгер жарандын аракетинен улам өрт чыкса, айып пул өлчөмү беш миң рублге чейин жогорулайт.

ӨКМдин маалыматына ылайык, өлкөдөгү жалпы өрттүн 60 пайызына балкондо тамеки чегүү себеп болот.

XS
SM
MD
LG