Ссылки доступа

NYT: Трамп Украинанын президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча далил издөөдө


The New York Times гезити АКШ президенти Дональд Трамп Жо Байденге каршы "компромат" издебей эле, чындыгында Украинанын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу далилдерди табууга кызыкдар болгонун жазды.

Гезит АКШ жана Украинадагы өз булактарына таянып билдиргендей, Трамп Демократиялык партиянын серверине чабуул жасоого Орусия эмес, Украина күнөөлүү экени тууралуу далил издеген.

Трамп Украина президенти Владимир Зеленский менен болгон чуулгандуу телефондук сүйлөшүүсүндө Байденден мурун демократтардын серверине чабуул жасоо боюнча иликтөөгө катышкан Crowdstrike компаниясы тууралуу сөз кылган.

New York Times гезити Трамп демократтар менен байланышы бар Украинадагы белгисиз күчтөр анын штабынын мурдагы башчысы Пол Манафортко каршы материалдарды табууга көмөк көрсөтүшкөн деп күмөн санап жатканын жазды. Трамптын божомолунда Хиллари Клинтондун жоголуп кеткен электрондук каттары украин серверлеринин биринде болушу ыктымал.

Трамп демократтарды саясий себептерден улам импичмент жараянынын алкагында иликтөө баштоого айтыптады. АКШ президенти телефондук сүйлөшүү учурунда Зеленскийге кысым көрсөтпөгөнүн билдирүүдө. Демократтар буга ынанган жок. Өкүлдөр палатасы мамлекеттик департаменттен администрациянын Украина жетекчилери менен болгон байланыштары жөнүндө сурай баштады. Бул иштин алкагында күбөлөрдү, анын ичинде АКШнын Киевдеги мурдагы атайын өкүлү Курт Волкерди көрсөтмө берүүгө чакырды.

Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен 25-июлда телефондон сүйлөшкөн. Трамп Зеленскийден мурдагы президент Барак Обаманын тушунда вице-президент кызматын аркалаган Жо Байдендин жана анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы ишмердигин иликтөөнү суранган. Өкүлдөр палатасы президентти "ыйгарым укуктарынан аша чапты" деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын баштаган.

XS
SM
MD
LG