Ссылки доступа

Фергана облусунун башчысы сакал менен хижабга каршы кампания баштады


Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев кол алдындагы кызматкерлерге сакал өстүрүүгө жана хижаб кийүүгө каршы кампания баштоого тапшырма берди. Аткаминердин үнү жазылган аудиону «Азаттыктын» өзбек кызматы таратты.

«...алардын ичинен 386 киши – каргыш тийгир сакалчандар. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, көбүнчө Кокон, Фергана жана Маргилан, андан тышкары Бувайдин менен Фергана райондорунун тургундары сакалдарын иретке келтиришпейт. Ошондой эле жоолук жана хижабчан 851 кыз-келин кийим кийүү маданиятын сактаган эмес. Аларга карата түшүндүрүү иштери жүрдү. Кийинчерээк алардын ичинен 300ү сырткы көрүнүшүн өзгөрттү», – деген Фергана облусунун башчысы.

Ал араб, түрк жана сириялыктардын кийими жат экенин, өзбектер өзүнүн улуттук кийимин кадырлашы керектигин айтты:

– Урматтуу акимдер, буга байланыштуу сиздерге эскертүү берем: эгер мен сиздердин жыйындарда мусулман кийими менен отурган аялдарды көрсөм, маале өкүлүбү, мугалимби, ишкерби, коомдук ишмерби же депутатпы – ким экенине карабайм, жөн гана ал жоолукту алып, силердин оозуңарга тыгам.

Глава Ферганы объявил войну бороде и хиджабу
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00

Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев өзбек коомчулугунда орой жетекчилердин бири катары белгилүү. Ал кол алдындагыларды кемсинтип, сөгүп, тилдеген учурларын “Азаттыктын” өзбек кызматы бир нече жолу жарыялаган.

XS
SM
MD
LG