Ссылки доступа

Казакстанда терроризмге үгүттөө айыбы менен соттолгондор ачкачылык жарыялашты


Казакстанда «терроризмге үгүттөө» жана «диний кастыкты козутуу» айыбы менен өткөн айда соттолгон сегиз киши сот өкүмүн мыйзамсыз деп атап, 30-сентябрдан тарта мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады.

Алар Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге, экс-президент Нурсултан Назарбаевге жана мамлекеттик органдарга бул ишке көңүл буруу өтүнүчү жазылган кайрылуу жолдошконун билдиришти.

Соттолгондордун туугандары эгер бийлик 10 күндүн ичинде чара көрбөсө, тергөө абагында ачкачылык жарыялагандарга өздөрү да кошула турганын айтышууда.

Алматы шаардык кылмыш аткаруу департаменти соттолгон сегиз кишинин ачкачылык жарыялаганы тууралуу кабарсыз экенин маалымдады.

5-августта Алматыда «терроризмге үгүттөө», «диний кастыкты козутуу» айыбы менен 8 киши беш жарым жылдан сегиз жарым жылга чейин соттолгон.

Иштин материалдарына ылайык, Болатбек Нургалиев «терроризм жана салафизм идеясын пропагандалоо жана бул агымдын жактоочуларын көбөйтүү» максатында WhatsApp мессенджеринде топ ачып, ага «тилектештерин» кошкон. Өкүмгө ылайык, алар анда «диний темаларды талкуулап, терроризмди пропагандалоо менен диний кастыкты козутушкан».

Соттолуучулар күнөөсүн мойнуна албай, доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрылышкан.

Казакстандагы «Альянс Тирек» укук коргоо уюму аларды «дин үчүн куугунтукка алынгандардын» тизмесине киргизди.

XS
SM
MD
LG