«Биринчи кезекте АКШнын улуттук коопсуздугуна көңүл буруп, Трамп башка өлкө лидерлери, анын ичинде Владимир Путин менен сүйлөшүүдө Кошмо Штаттардын коопсуздугуна коркунуч келтирген-келтирбегенин аныктап чыгышыбыз керек деп эсептейм», — деди Шифф.
Палатанын чалгын комитети Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен болгон телефондук сүйлөшүүсүндө АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байденге жана анын уулу Хантер Байденге карата тергөө иштерин баштоону өтүнгөндүгү боюнча маалыматты карап жатат.
Жо Байден – 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоодо Трамптын негизги атаандаштарынын бири болушу мүмкүндүгү айтылууда. Конгресстеги демократтар Трамптын бул өтүнүчүн башка мамлекеттин шайлоо жараянына кийлигишүүсү катары бааласа болорун билдиришүүдө. Өткөн жумада Конгресстин төмөнкү палатасы Трампка импичмент жарыялоо жараянын баштаган.
27-сентябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Путин менен телефондук сүйлөшүүлөрдүн стенограммасын жарыялоо Трамп үчүн «орунсуз» болорун айткан.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү ачыкка чыккандан кийин «Вашингтонго телефон чалып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү кооптуу болуп калгынын» айтты.
Буга чейин америкалык басылмалар Ак үй президент Дональд Трамптын орус лидери Владимир Путин жана Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салман менен болгон телефондук сүйлөшүүлөрүн жаздырууга чектөө киргизгенин кабарлашкан.