Ссылки доступа

Кыргыз-тажик чек арасындагы көпүрө оңдолду


Кыргызстандын Кулунду жана Тажикстандын Овчи-Калача айылдарын байланыштырган 12 метрлик көпүрө кайра оңдолду. Анын эскилиги жетип, эки жыл мурда жарактан чыккан.

16-сентябрдагы эки тараптын куралдуу жаңжалынан кийинки расмий жолугушууларда абалды жөнгө салуу үчүн бул көпүрөнү биргелешип оңдоо макулдашылган.

Ачылыш салтанатына катышкан Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери жаңы көпүрөнү «Достук» деп аташып, ал чек арадагы чыр-чатак жана кан төгүүгө эмес, туруктуулук менен ынтымакка кызмат кылсын деген тилектерин билдиришти.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 976 чакырымды түзсө, анын жарымына жакыны же 470 чакырымы тактала элек.

XS
SM
MD
LG