Ссылки доступа

Вацлав Гавел атындагы сыйлык уйгур активистине жана Балкандагы уюмга берилди


Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ПАСЕ) Вацлав Гавел атындагы сыйлыгы быйыл уйгур активисти Ильхам Тохти менен «Адам укуктары боюнча жаштар демилгеси» аттуу балкан уюмуна ыйгарылды.

Ильхам Тохти – учурда Кытайда камакта жаткан белгилүү уйгур активисти. Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери бул өлкөдөгү уйгурлардын абалын жакшыртуу үчүн күрөшүп келет. 2014-жылы жикчилдик айыбы менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Сыйлык «Ильхам Тохтинин демилгелери» уюмунун өкүлүнө тапшырылды.

2003-жылы түзүлгөн «Адам укуктары боюнча жаштар демилгеси» Балкандагы саясий жаңжалдардын алдын алуу менен алектенет. Уюм сыйлыкты түрдүү улуттардан жана диний топтордон турган Балкан жаштарын бириктиргендиги үчүн алды.

Бул сыйлыкка быйыл Тажикстанда камакта отурган адвокат Бузургмехр Ёров да көрсөтүлгөн. Ал «Ислам кайра жаралуу» партиясынын мүчөлөрүнүн укугун коргогондугу үчүн 28 жылга кесилген. Ага ыйгарылган диплом учурда Европада жашап жүргөн бир тууганына тапшырылды.

Европа Кеңешинин адам укуктары багытындагы өзгөчө эмгеги үчүн берилчү Вацлав Гавел атындагы сыйлык 2013-жылы негизделген жана сыйлыктын өлчөмү 60 миң еврону түзөт.

Былтыр бул сыйлыкты ошол кезде абакта отурган, Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо борборунун Чеченстандагы бөлүмүн жетектеген Оюб Титиев алган.

Видео

XS
SM
MD
LG