Ссылки доступа

Өзбекстан Сенаты Фергана облусунун башчысына эскертүү берди


Сакал жана хижабка каршы кампания баштоону тапшырган Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев Сенат тарабынан үч айлык сыноо мөөнөтү менен катуу эскертүү алды.

Ганиев жакында эле өткөн жыйындардын биринде негизинен Кокон, Фергана, Маргилан шаарларынын, андан тышкары Бувайдин жана Фергана райондорунун жашоочулары сакал коюшарын билдирген. Ал хижабчан аялдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн да айткан:

– Урматтуу акимдер, буга байланыштуу сиздерге эскертүү берем: эгер мен сиздердин жыйындарда мусулман кийими менен отурган аялдарды көрсөм, маале өкүлүбү, мугалимби, ишкерби, коомдук ишмерби же депутатпы – ким экенине карабайм, жөн гана ал жоолукту алып, силердин оозуңарга тыгам.

Бирок Фергана облусунун администрациясы Ганиевдин сөзү бурмаланганын билдирүүдө. Маалыматка караганда, аким жашоочулардан тышкы келбетин иретке келтирип жүрүүнү суранып, сакал менен хижаб диндин негизги талаптары эмес экенин түшүндүргүсү келген.

«Бирок, тилекке каршы, орой сөздөргө жол берилген», – деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин өзбек бийлиги сакал жана хижабка каршы күрөшүү боюнча ачык сөз кылган эмес. Бирок Ташкент жана Наманган облустарында кишилердин сакалдарын мажбурлап кырдыруу учурлары болгон.

Мындан тышкары Кокондо мусулман кийимдерин кийген кыздардын жашыруун тизмеси түзүлгөнү маалымдалган.

XS
SM
MD
LG