Ссылки доступа

Тажикстанда орус аскер кызматкерлерине кол салган киши кайда экени белгисиз


Бохтардагы 201-орус аскер базасынын эки кызматкерине кол салууга шектелген Ахлиддин Абдуллоев он күндөн бери дайынсыз болууда. Туугандары анын кайда экенин билбей жатышканын айтышты.

21-сентябрда орус аскер базасынын эки кызматкерине жергиликтүү тургун бычак менен кол салган. Анын жыйынтыгында жабырлануучулар жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Тажикстан ИИМи кол салуучунун тек-жайын аныктап, Ахлиддин Абуллоев облустук психикалык ооруканада каттоодо турарын билдирген. Министрлик окуяны «бейбаштык» катары сыпаттаган.

Орус аскер кызматкерлерине кол салууну Хатлон облусунун прокуратурасы иликтөөдө. Кылмыш иши козголгон.

Шектүүнүн апасы Мохинав Абдуллоева уулу 2016-жылдан бери психикалык ооруканада каттоодо турарын тастыктап, учурда анын кайда экенин билбей турганын айтты.

Дарыгерлер шектүүнүн саламаттыгын текшерип чыгышы керек. Ошондон кийин гана аны камоо же мажбурлап дарылатууга жөнөтүү чечими кабыл алынат.

Тажикстандын тергөө органдары, 201-орус аскер базасынын жетекчилиги жана Орусиянын Тажикстандагы элчилиги кол салуунун себептерин ачык айта элек.

Орусиянын Тажикстандагы элчилиги буга чейин аскерлер шаарга жеке иштери менен барган учурда кол салууга дуушар болгонун маалымдаган.

XS
SM
MD
LG