Ссылки доступа

Түркияда өзбек жаранынын өлүмүнүн себептерин аныктоону талап кылышууда


Түркияда аялдардын укуктарын коргоо менен алектенген активисттер 23 жаштагы өзбекстандык Надира Кадырованын өлүмүнүн чыныгы себептерин аныктоону талап кылышууда. Анкара шаардык прокуратурасы ал сойкулук менен алектенген деп шектенүүдө.

Түркияда жашаган өзбекстандык социолог Бахадыр Файзинин айтымында, активисттердин бул өнөктүгүнө миңдеген түркиялыктар кошулуп, социалдык түйүндөр аркылуу окуянын адилеттүү иликтенишин талап кылып жатышат.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) тергөө иштеринин алкагында прокуратура кызматкерлери күбөлөрдү сурап, маркумдун телефондук сүйлөшүүлөрүн жана электрондук жазышууларын карап жатышканын кабарлады.

Анкара шаардык прокуратурасы тергөө органдары учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарын күтүп жатышканын билдирди.

23-сентябрда Түркиянын Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын депутаты, отставкадагы генерал Ширин Үналдын үйүндө иштеп жүргөн өзбек жараны Надира Кадырова каза болгон. Түрк басылмаларынын маалыматына караганда, ал генералга таандык тапанчадан атылган октон жаракат алып, ооруканага жеткирилгенден кийин өлгөн.

Алгач Кадырова жумуш берүүчүнүн тапанчасы менен өз жанын кыйганы кабарланган. Азырынча түрк парламентинин депутаты бул окуя боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартууда.

Кадырованын агасы Мухаммадали Кадыров карындашы жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн сынактарга даярданып жүргөнүн жана өз өмүрүнө кол салууга эч кандай себеп болбогонун билдирүүдө.

Айрым түрк басылмаларынын маалыматына караганда, Кадырова өлөрдөн бир күн мурда курбусуна SMS-билдирүү жөнөткөн. «Өтө жаман нерселер болуп жатат. Агамдын көзүн кантип карайм. Өлгүм келип жатат», — деп жазылган ал билдирүүдө.

FOX телеканалы Мухаммадали Кадыровго шилтеме кылып, Надира жумуш берүүчү тарабынан зордукталган болушу мүмкүндүгүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG