Ссылки доступа

Андрей Малахов кыргызстандыктардан кечирим сурады


Орусиялык журналист Андрей Малахов кырсыкка кабылган кыргызстандык жигит тууралуу «Россия 1» каналында айткан орунсуз сөзү үчүн кыргызстандыктардан кыргыз жана орус тилдеринде кечирим сурады.

Орусиялык журналист Андрей Малахов кырсыкка кабылган кыргызстандык жигит тууралуу «Россия 1» каналында айткан орунсуз сөзү үчүн кыргызстандыктардан кыргыз жана орус тилдеринде кечирим сурады.

Ал 1-октябрь күнү чыккан телекөрсөтүүсүнүн эфиринде көрөрмандардын коштоосунда студияда туруп өкүнгөнүн айтты.

Ал сүйлөгөн сөзүн кыргызстандыктар туура эмес түшүнүп алышканын белгилеп, көрөрмандарын кайсы мамлекетте жашаганына, улутуна карабай сыйлай турганын айтты.

Андрей Малахов 24-сентябрда «Россия 1» телеканалында чыккан «Прямой эфир» телеберүүсүндө, Москвада такси айдап иштеп жүрүп жол кырсыгына кабылган жигиттин аракеттерине баа берип, аны айыптаган пикирин айткан.

Буга байланыштуу кыргызстандыктар нааразы болуп, Интернетте «Малахов кечирим сурасын!» деп талап кыла башташкан.

XS
SM
MD
LG