Ссылки доступа

Иракта нааразылык акцияларынан улам интернетке бөгөт коюлууда


Ирактагы нааразылык акциясы. 1-октябрь 2019-жыл

Иракта өтүп жаткан өкмөткө каршы нааразылык акцияларына байланыштуу өлкөнүн көпчүлүк аймагында интернетке бөгөт коюлду. Бул тууралуу NetBlocks бейөкмөт уюму билдирди.

Маалыматка караганда, бийлик Facebook, Twitter, Instagram, WhatsApp өңдүү социалдык түйүндөр менен мессенджерлерге чектөө киргизди.

Ирактын баш калаасы Багдадда жана башка бир катар шаарларда жапырт нааразылык акциялары 1-октябрда башталган. Демонстранттар коррупцияга, жумушсуздукка жана электр жарыгынын өчүрүлүшү менен таза суунун жетишсиздигине нааразы болушууда.

Күн мурун Багдаддагы акция катышуучулары шаардын өкмөт үйү жана элчиликтер жайгашкан бөлүгүнө өтүүгө аракет кылышкан. Алардын жолун торогон полиция кызматкерлерине таштар ыргытылды. Буга жооп кылып коопсуздук күчтөрү ок чыгарган. Түрдүү маалыматтар боюнча каза болгондор бар, жүздөгөн киши жаракат алган.

Видео

XS
SM
MD
LG