Ссылки доступа

Наманганда жаңы аттракционду сыноо маалында 18 жаштагы кыз каза болду


Өзбекстандын Наманган шаарындагы «Легендалар өрөөнү» паркында жаңы орнотулган аттракционду сыноо маалында 18 жаштагы кыз каза болду.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсык 30-сентябрда болгон.

Парк кызматкерлеринин бири Эля Холикова аттуу кыз жакында эле орнотулуп, сыноо иретинде иштеп жаткан аттракционго уруксатсыз отурганын билдирди:

— Бул жерде күнөө кыздын өзүндө. Ал сыноо иретинде иштеп жаткан селкинчекке уруксатсыз отурган. Анын темир тирөөчү башына тийип, алган жаратынан каза болду.

18 жаштагы Эля Холикова аталган паркта быйыл 1-августтан бери иштеп жаткан.

Наманган шаардык прокуратурасы учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Борбор Азиядагы эң ири көңүл ачуу паркы эсептелген «Легендалар өрөөнү» быйыл жайында ачылган.

Наманган шаардык акимчилигинин өкүлдөрү парк жеке менчик экенин айтып, окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Быйыл июнда Жизак облусунда аттракциондун кармагычы чыгып кетип, 20 жаштагы кыз мерт болгон.

XS
SM
MD
LG