Ссылки доступа

Душанбе зоопаркында жаныбарлар өлүүдө (видео)


Душанбе зоопаркында төө куш менен бугунун өлгөнү тууралуу кабар тарагандан кийин активисттер бул жайды жабууну талап кылышты. Бирок зоопарктын жетекчилиги жаныбарлар ооруп өлгөнүн, аларды кармоо шарты тууралуу айтылып жаткан сын орунсуз экенин билдирди.

Зоопаркты байырлаган бугу 8-сентябрда жан берген. Андан бир жума мурун көрүүчүлөрдүн коопсуздугун эске алуу менен ветеринарлар анын мүйүзүн кесип ташташкан. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары дал ушул жагдай бугунун өлүмүнө алып келген болушу ыктымал деп эсептешет.

Душанбе зоопаркынын директорунун орун басары Саидхожа Сафаров бугунун мүйүзү кесилерин, бул эч кандай терс кесепеттерге алып келбей турганын айтты. Аткаминер төө куш болсо зоопарктын карамагында болбогонун, аны Жаштар көлүндөгү парктан убактылуу алып келишкенин, башынан эле оорулуу жана алсыз болгонун кошумчалады.

Бийлик жаныбарлардын жан беришин, анын ичинде төрт жыл мурун Казакстандан алып келинген 13 жаштагы бугунун өлүмүн иликтөөдө.

Активисттер болсо зоопаркта жаныбарлар үчүн шарт түзүлбөгөнүн билдиришип, бийликтен аны жабууну талап кылышууда.

От чего умерли страус и олень в душанбинском зоопарке?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00

Душанбедеги жападан жалгыз зоопарк өткөн кылымдын 60-жылдарында салынган жана андан бери жаңыланган эмес. Бул жерде миңден ашуун жаныбар жана канаттуу бар. Капастар тар, жайкысын аба жетпейт, кышкысын суук.

Үч жыл мурун зоопарктын кызматкеринин шалаакылыгынан улам террариумда өрт чыгып, эки жылан өлгөн. Душанбе шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгогон.

XS
SM
MD
LG