ТДХ маалымат агенттиги билдиргендей, түркмөн президенти вице-премьер министрге атаандашууга жөндөмдүү өндүрүш үчүн инновациялык технологияларды киргизүүнү тапшырды.
Бердымухамедовдун пикиринде, тышкы экономикалык байланыштарды кеңейтип, ашык азык-түлүк товарларын сатуу үчүн чет өлкөлүк каналдарды табуу керек.
Жолугушууда Түркмөнстанда азык-түлүктөрдүн кайсы түрү ашык экени айтылган эмес. Көз карандысыз басылмалар болсо акыркы жылдары өлкөдө ун, май, жумуртка, шекер, нан тартыш экенин кабарлап келишет.