Ссылки доступа

Евробиримдик Брекзит мөөнөтүн февралга чейин жылдырышы мүмкүн


Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон

Эгер ушул жумада Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Брекзит үчүн зарыл болгон мыйзам долбоорун парламенттен өткөрө албаса, өлкөнүн Европа биримдигинен (ЕБ) чыгуу мөөнөтү 2020-жылдын февралына чейин жылдырылышы мүмкүн.

Бул тууралуу The Times гезити Евробиримдиктеги дипломатиялык булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Басылманын булактары билдиргендей, эгер керектүү мыйзам долбоору британ парламенти тарабынан кабыл алынса, Улуу Британия биримдиктен ага чейин эле — ноябрда, декабрда же январда чыгышы ыктымал.

— Эгер премьер-министр тоскоолдуктарга кабылып же парламент өлкөнүн ЕБдин курамынан чыгуусу боюнча экинчи жолу референдум өткөрүүнү чечсе, Германия баштаган Евробиримдик өлкөлөрү Лондонго кийинки жылдын июнь айына чейин мөөнөт бериши мүмкүн, — деп жазды The Times.

Өткөн ишемби күнү британ парламенти өлкөнүн ЕБден чыгышы боюнча бардык мыйзамдар кабыл алынмайынча, Брекзит келишимин канааттандыруунун мөөнөтүн жылдыруу тууралуу чечимге келген.

Жонсон өкмөт 31-октябрга чейин британ парламентинде Евробиримдик менен макулдашылган келишимдин вариантын өткөрүүгө аракет кыларын билдирүүдө. Ал дүйшөмбү күнү тиешелүү мыйзам долбоорлорун парламенттин кароосуна алып чыгууга ниеттенип жатат.

XS
SM
MD
LG