Ссылки доступа

Ливанда демонстранттар өкмөттү алмаштырууну жана реформаларды талап кылууда


Дүйшөмбүдө жүздөгөн ливандыктар коррупция жана саясий сенектикке каршы демонстрацияга чыгышты.

Улуттук туу көтөргөн нааразылык акцияларынын катышуучулары баш калаа Бейрут менен катар Триполи, Сур жана башка шаарлардын көчөлөрүн ээлеп, өлкөдөгү режимди алмаштырууга үндөштү.

Демонстранттар токтоосуз өкмөттүн отставкага кетишин, экономикалык реформалары жүргүзүүнү жана жагымдуу инвестициялык шарт түзүүнү талап кылышууда.

Толкундоо 17-октябрда бийликтин Whats App жана башка социалдык тиркемелер аркылуу чалууга салык киргизишине каршы башталган.

Дүйнөлүк банктын билдиришинче, Ливанда калктын төрттөн бир бөлүгү өтө жакыр жашайт. 10 миллион калкы бар өлкөгө жарандык согуш каптаган Сириядан дагы 1,5 миллион киши качып келген.

XS
SM
MD
LG