Март айында Epsilon Development Company жана Epsilon Asia Limited (Гонконг) компаниялары Өзбекстандын Бухара, Хива жана Фергана аймактарындагы беш мунайгаз-инвестициялык блокту иштетүү үчүн консорциум түзүшкөн. Маалыматка караганда, консорциумдун 2019-2023-жылдар аралыгында долбоорго сала турган инвестициясы 5,2 миллиард долларды түзөт.
Алгачкы баскычында бул кендерден алынган көмүрсуутек толугу менен Өзбекстандын ички базарында сатыла тургандыгы кабарланууда.
Epsilon марттан бери Өзбекстанда жалпысынан беш мунайгаз-инвестициялык блокто иш алып барууда.