26-октябрда «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук уюмунун ана башчысы Ал-Багдади атайын кызмат чабуул койгондо туңгуюктуу туннелден чыга албай калып, өзүн жанкечтинин куру менен жардырып жиберген. Аны менен кошо эки баласы да мүрт кеткен. Андан тышкары жанкечтинин курун тагынган төрт аял жана бир эркек киши да өздөрүн жардырган.
Абу Бакр ал-Багдади 1971-жылы Ирактын Самарра аймагында туулган. 2004-жылы америкалык аскерлерге каршы кутум уюштурган деген айып менен соттолгон. Эркиндикке чыккандан кийин көмүскө иш алып барган жихад уюмуна кошулуп, көп өтпөй аны башкарып калган. 2014-жылы өзүн бардык мусулмандардын лидери - халиф деп жарыялаган. Анын жетекчилиги алдында «Ислам мамлекети» террордук тобу Ирак менен Сириянын аймактарынын кыйла бөлүгүн өзүнө каратып алган.