Ссылки доступа

Казакстанда корукчунун өлүмү боюнча сот отуруму жанданды


Казакстандын Караганды облусунда экоинспектор Ерлан Нургалиевдин өлүмү жана анын кесиптеши Петр Ницыктын өмүрүнө кол салуу боюнча кылмыш иштери карала баштады.

Прокуратурага кайта тергөөгө жөнөтүлгөн иш сотко келип түшүп, 31-октябрда алдын ала угуулар өттү.

Анын жүрүшүндө жабырлануучулар менен мамлекеттик айыптоо кылмыш жасалгандан бери 10 ай өтүп кеткенин белгилеп, ишти создуктурбоо үчүн дароо эле негизги соттук териштирүүлөрдү баштоону өтүнүштү. Өз кезегинде адвокаттар айыпталуучулардын корукчуну өлтүрүү ниети болбогонун айтышып, «Адам өлтүрүү» беренесин жеңилирээк беренеге алмаштырууну суранышты. Мындан тышкары алар айыптоо актысында мыйзамсыз аңчылык кылуудан улам келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы жогорулатылып көрсөтүлгөнүн билдиришти. Буга чейин айыпталуучулардын айрымдары бөкөндөргө эмес, карышкырларга аңчылыкка барышканын айтышкан.

Жыйынтыгында бул иш боюнча негизги соттук териштирүүлөр 15-ноябрга белгиленди.

Бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткан жети адамдын бирөөсү урда полиция органдарында иштеген. Бардыгы тең Кызылордо облусунун тургундары. Аларга сейрек кездешкен жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылуу айыбы тагылган. Мындан тышкары 21-январдан бери камакта отурган үч айыпталуучуга экоинспектор Ерлан Нургалиевди өлтүрүү жана анын кесиптеши Петр Ницыктын өмүрүнө кол салуу айыбы тагылган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, айыптоочулар бөкөнгө аңчылык кылууга тыюу салынганын билишкен. Караганды облустук токой-чарбасын жана айлана-чөйрөнү коргоо инспекциясынын маалыматына караганда, соттолуучулар өлтүргөн 17 баш бөкөндүн баасы 45 миллион теңгеден (115 миң доллар) ашык сумманы түзөт.

13-январда «Охотзоопром» мамлекеттик ишканасынын эки кызматкерине Караганды облусунун аймагында кол салуу болгон. Ал күнү инспекторлор рейд жүргүзүп, бөкөндөрдү атууга шектелген адамдарды колго түшүрүүгө аракет кылышкан. Ошол маалда корукчуларга карата ок атылып, алар оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. 15-январда Астанадагы ооруканада жаткан 53 жаштагы Ерлан Нургалиев каза болгон.

Видео

XS
SM
MD
LG