Ссылки доступа

«Үмүт 2020» саясий чөйрөнүн тазаланышын каалайт (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- «Үмүт 2020» саясий чөйрөнүн тазаланышын каалайт. Жаңы түзүлгөн «Үмүт 2020» кыймылы Бишкекте өзүнүн кеңсесин ачып, коомчулукту коомдогу терс көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө үндөдү. Алардын негизги максаты – азыркы парламенттеги депутаттардын былык иштерин ачып, элди 2020-жылдагы шайлоодо таза депутаттарды тандоого чакыруу. (Директтен видео)

- Маданияттын мактанычы жана арманы. 2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күн 1995-жылдан бери белгиленип келет. Дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында драматург Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган. (Директтен видео)

- Опера менен балетти бапестейли. Ушул убакытка чейин опера жана балетти жанынан көрө элек болсоңуз, алар тууралуу көп кызыктарды билбесеңиз - бул берүү сиз үчүн. Искусство деп күйгөн жаштарды "Азаттык+" кепке тартты. (Директтен видео)

- Бердиев: милициянын аты булганбаса. Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө быйыл 95 жыл болду. Бул жылдар аралыгында милиция көп сыноолорду баштан кечирди. Майрамды утурлай кыргыз милициясында кызмат кылып, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлер менен жолугуп, баарлаштык. (Директтен видео)

- Түркмөнстанда полицияга чакырылган кумса дайынсыз болууда. (видео)

- Агзам Тургунов: Өкмөт саясий туткундарды реабилитациялоодон коркуп жатат. Өзбек укук коргоочусу Агзам Тургунов башкы кеңсеси Прагада жайгашкан People in Need эл аралык укук коргоо уюмунун «Адилетсиздик баяны» сыйлыгы менен сыйланды. (Өзбекстандан видео)​

- Өзбекстанда фермерден тил уккан аялдар президенттин күйөө баласына кайрылышты. (видео Директ)​

- Казакстандык жаран товарларды казакча маркировкалабаганы үчүн супермаркет менен соттошууда. (Настоящее время)

- Кол чатырчан адамдар журналисттердин ишине тоскоолдук кылууда. Казакстанда нааразылык акцияларды чагылдырган журналисттер акыркы айларда бет капчан жана кол чатырчан адамдардын тоскоолдугуна кабылып жатышат. (Казакстандан видео)

- Табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлө жарым-жартылай урап калган үйгө кайтып келди. (видео)

- Кыргызстанда аялдар саясий активдүүлүккө даярбы? (видео Директ)

- Тажикстанда мунапыс боюнча жүздөгөн адам эркиндикке чыкты. (сүрөт баян)

- Бишкектеги көп балалуу үй-бүлөнүн турмушу. (видео Директ)

- Кыргыз бийлиги эмгек мигранттардан жардам сурады. (Кыргызстандан видео)

- «Түндүк агым-2» газ кууру долбоорун жактыруу тууралуу Даниянын чечими эмнени билдирет? (Настоящее время)

- Тажик жаштары Хэллоуин майрамын белгилешти. (видео Директ)​

- Күбөлөр Трамка импичмент жарыялоо иши боюнча Конгрессте көрсөтмө беришти. (Настоящее время)​

- «Эгемен Рунет» тууралуу мыйзам кандай иштейт? (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG