Ссылки доступа

Өзбекстанда театрда иштөөдөн баш тарткан артисттер ойлорунан кайтты (видео)


31-октябрда Кокон шаардык музыкалык драма театрынын артисттери Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге кат жолдоп, айлык акынын 25 пайызга кыскартылганына байланыштуу иш таштай турганын жарыялашкан. Алар маяна азайса, үй-бүлөлөрүн бага албай каларына тынчсызданышкан.

Бирок бир күндөн кийин алар бул кылыктарына өкүнөрүн билдиришип, видеокайрылуу жасашкан. Артисттер маяна маселеси туура эмес түшүндүрүлгөнүн, айлык акылары 45 пайызга көтөрүлөрүн айтышкан.

Раскаяние артистов Кокандского городского музыкального драматического театра
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00
Загрузить файл

Мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда – 1993-жылы Өзбекстан театрларында артисттердин негизги айлык акыларына кошумча 25 пайыздык төлөм киргизилген. Бирок быйыл 23-сентябрда өзбек өкмөтү бул төлөмдү алып таштоо тууралуу токтом кабыл алган.

Президент Шавкат Мирзиёевдин токтомуна ылайык, 2018-жылы 19-июнда маданият кызматкерлеринин айлык акылары 45 пайызга көбөйтүлгөн.

Видео

XS
SM
MD
LG