Ссылки доступа

Украина Орусиядан барымтага алынган кемелерди бошотууну талап кылды


Украинанын тышкы иштер министрлиги былтыр ноябрда Кара деңизде кармалган аскердик кемелерди бошотуу талабы менен Орусияга нота жөнөттү. Бул тууралуу Украина ТИМ башчысы Вадим Пристайко билдирди.

Нотада кемелерди өткөрүп бере турган жерди жана убакытты белгилөө талабы жазылган.

Буга чейин Украина ТИМ башчысынын орун басары Елена Зеркаль Украина Орусияга жети жолу кайрылганын, бирок жооп ала албаганын маалымдаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эл аралык трибуналы май айында Орусия кемелерди кайтарып бериши керек деген токтом чыгарган. Бирок Москва трибуналдын өкүмүн тааныган эмес. Орусия украин кемелери деңиз чек ара эрежелерин бузган деп эсептейт.

2018-жылдын 25-ноябрында Украинанын аскер кемелери Кара деңиздеги Керч кысыгына жакындаганда аларды орусиялык чек арачылар тосуп, ок атышкан. Натыйжада украиналык экипаждын 24 мүчөсү, арасында бир нече жарадарлар кармалган. Алар убактылуу тергөө абагында 9 ай отурушкан. Сентябрдын башында моряктар "35ке 35" формуласы аркылуу бошотулган. Бирок Орусия кемелерди коё бере элек.

Видео

XS
SM
MD
LG