Ссылки доступа

Мирзиёевдин күйөө балдары аңчы араб шейхин коноктошту


1-ноябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин күйөө балдары — Ойбек Турсунов менен Отабек Умаров Дубайдын мураскер ханзаадасы Хамдан бин Мохаммед аль-Мактумдун урматына кечки тамак уюштурушту.

Алардын дасторкон үстүндө отурган сүрөтү өлкө башчынын кичүү күйөө баласы, президенттин коопсуздук кызматынын төрага орун басары Отабек Умаровдун «Инстаграм» баракчасына жарыяланды.

1-ноябрда социалдык түйүн колдонуучуларынын арасында ханзаада аль-Мактумдун бизнес-класстагы учакка жайгаштырылган шумкарларынын видеосу кызуу талкуу жараткан.

Буга чейин Хамдан бин Мохаммед аль-Мактум Өзбекстандын Навои облусуна өзүнүн ителгилери менен тоодактарга аңчылык кылуу үчүн келгени кабарланган. Өзбекстанда ар бир тоодактын баасы 6 миң долларды түзөт.

Өлкөнүн Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкеринин айтымында, «араб шейхтери өлкө аймагында атайын уруксат алып анчылык кылышкан». Бирок ал дубайлык меймандар тоодактарга аңчылык кылуу үчүн канча акча төлөшкөнүн айта алган жок.

Мекеменин маалыматына караганда, Өзбекстанда тоодактарга аңчылык кылуу сезону 25-сентябрда башталып, жылдын аягына чейин созулат.

Быйыл октябрда Казакстандын өкмөтү Бириккен Араб Эмиратынын үч жана Катардын бир шейхине коруктардагы тоодактарга аңчылык кылууга уруксат берген.

XS
SM
MD
LG