Ссылки доступа

Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги президенттин кызынын туулган күнүн жаңылык кылып чыгарды


Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги 4-ноябрда өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида Мирзиёеванын туулган күнү тууралуу маалыматты күндүн негизги жаңылыгы катары чагылдырды.

Агенттик мамлекет башчынын кызынын туулган күнү тууралуу билдирүүнүн аягына анын өмүр баянын жайгаштырган.

Саида Мирзиёеванын туулган күнү тууралуу жаңылык бир күн бою Улуттук агенттиктин орус тилдүү баракчасынын негизги бөлүгүнөн алынган жок.

Расмий маалыматка ылайык, Саид Мирзиёева Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетин, ошондой эле Юридикалык университетти аяктаган. Бирок өмүр баянында атасы президент болгонго чейин анын мамлекеттик системада кайсыл бир жетектөөчү кызматтарда иштегени тууралуу маалымат жазылган эмес.
Быйыл январда Саида Мирзиёева президенттик администрациянын алдында жаңы түзүлгөн Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин төрага орун басары кызматына дайындалган. Агенттик өлкөдөгү бардык маалымат каражаттарын көзөмөлдөө боюнча кеңири ыйгарым укуктарга ээ.
Өлкөнүн маркум президенти Ислам Каримов дагы кыздарына дипломатиялык миссияларды башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды жана дипломатиялык кол тийбестик макамдарын берип келген.

Бирок анын тушунда кыздарынын туулган күнү мамлекеттик маалымат каражаттарында айтылчу эмес.

XS
SM
MD
LG