Ссылки доступа

Түркмөнстандын аймактарындагы банкоматтарда акча тартыштыгы уланууда


Банкоматтагы кезек. Мары шаары, октябрь 2019
Банкоматтагы кезек. Мары шаары, октябрь 2019

Түркмөнстанда банкоматтарда кайрадан акча жок болууда. Учурда өлкөнүн Мары жана Лебап облустарындагы тургундар мамлекет тарабынан пластик карталарга которулган акчаларын ала албай жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчылары билдирди.

— Мары облусунда пенсиялар менен майып жарандарга төлөнө турган жөлөк пулдар пластик карталарга которулду. Бирок райондук банкоматтарда акча жок болууда. Пенсионерлер акчаларын алуу үчүн шаардагы бардык банкоматтарды кыдырып, кезек күтүүгө аргасыз болуп жатышат, — деп билдирди кабарчы.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, мындан тышкары өлкөнүн Лебап жана Дашөгүз облустарындагы банкоматтарда дагы акча тартыш болуп, кезек күткөндөр көп болууда.

Банктардын аймактагы өкүлчүлүктөрү акча тартыштыгын пахта терүү сезону менен түшүндүрүп, фермерлерге айлык төлөнүп жатканын билдиришүүдө.

Августта өлкө бийлиги банкоматтарда акча тартыш болуп жатканын ырастаган. Мамлекет башчы анда бул көрүнүш өкмөттүн каржы саясатына байланыштуу эмес экенин билдирип, техникалык мүнөздөгү маселе экенин айткан.

XS
SM
MD
LG