Ссылки доступа

Эрдоган аль-Багдадинин аялы кармалганын билдирди


Түркия “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун лидери Абу Бакр аль-Багдадинин аялдарынын бирин кармады. Бул тууралуу түрк президенти Режеп Эрдоган Анкарадагы университетте сөз сүйлөп жатып билдирди.

– Биз анын аялын кармадык, бирок ызы-чуу салган жокпуз. Андан тышкары Сирияда анын эжеси жана жездеси кармалды, – деди Эрдоган.

Абу Бакр аль-Багдадинин канча аялы бар экени белгисиз. “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги төрт, “Рейтер” агенттиги Ирактагы өз булактарына таянуу менен үч жубайы бар экенин жазган. Абу Бакр аль-Багдадини кармоо операциясы учурунда аны менен кошо эки аялы өзүн-өзү жардырып, мерт болгону кабарланган.

5-ноябрда түрк аскерлери аль-Багдадинин эжесин кармашкан. Расмия Авад Сириянын түндүк-батышында жашырынып жүргөн. Аны менен кошо күйөөсү, келини жана беш баласы колго түшкөн.

26-октябрда "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук уюмунун анабашчысы Ал-Багдади атайын кызмат чабуул койгондо туңгуюктуу туннелден чыга албай калып, өзүн жанкечтинин куру менен жардырып жиберген.

XS
SM
MD
LG