Ал өзү тууралуу айтылып жаткан маалыматтар жалган экенин, журналисттер менен байланышпаганын билдирүүдө. Жаш дарыгер өткөн айда “Азаттыктын” түркмөн кызматына кумса экенин жана мунун айынан өлкөсүндө көптөгөн көйгөйлөргө кабылып жатканын айтып берген.
Ал үй-бүлөсүнө жолдогон видеокайрылуусун редакцияга жиберген. Анда дарыгер кумса экенин жарыялап, үй-бүлөсүн бушайманга салганы үчүн кечирим сураган. 6-ноябрда Гараев ал видео башка максатта жазылганын билдирди.
Ал 21-октябрда консервативдүү өлкөдө кумса болуу оор экени тууралуу айтып бергенден кийин полицияга чакыртылган. Мындан соң Касымберди жана анын үй-бүлөсү менен байланыш үзүлгөн.
Түркмөнстанда салтуу эмес ориентация үчүн эки жылга чейин жаза каралган.
Ашхабаддагы Касымберди Гараев иштеген белгилүү клиника кумса мындан ары ал жерде эмгектенбей турганын билдирди.