13-ноябрда АКШнын Украинадагы элчиси Уильям Тейлор жана АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Мари Йованович көрсөтмө берери күтүлүүдө.
АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен Зеленскийдин 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн улам тутанган. Атайын кызматтагы информатор анда Кошмо Штаттардын президенти украин лидерин өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден жана анын уулунун Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы Трампты "ыйгарым укугунан аша чапты" деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын баштаган.
Конгрессте ондогон дипломаттар жана Трамптын администрациясынын кызматкерлери көрсөтмө беришкен. Алар Киевге кысым көрсөтүүнүн белгилери болгонун белгилешкен. Бирок бул жараянга АКШ президентинин түздөн-түз кийлигишкени тууралуу далил жок.
Эгер Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыяласа, бул ишти АКШ Сенаты карай баштайт. Президентти бийликтен кетирүү үчүн Конгресстин жогорку палатасынын сенаторлорунун үчтөн экисинин макулдугу керек.